Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.07.2018 09:19

Базардагы даараткана кулаганда үйлөнүү тоюн таштап, милдетин аткарган куткаруучу А.Жантөрөевдин эрдиги (видео, фото)

Turmush -  Кечээ, 1-июлда Кыгызстанда куткаруучулардын күнү белгиленди. Алардын эрдиктери менен таанышуу максатында ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын алдындагы мобилдик куткаруу отрядынын өздүк курамы менен иштөө боюнча бөлүмдүн командиринин орун басары Акбар Жантөрөев менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал Кара-Суу районундагы базарда ажатканада кырсык болгондо үйлөнүү тоюн таштап, куткарууга жөнөп кеткен.

«Жубайым экөөбүздүн үйлөнүү тоюбуз 2012-жылы 3-ноябрь күнү болуп жаткан. Ошол маалда бардык куткаруу кызматында иштеген жигиттер менен бирге атайын жалданган автоунааларда нике каттоо мекемесине чыгуу алдында турганбыз. Өзүм Кара-Суу районунун Телман айылынан болсом, келинчегим ушул эле райондун Төлөйкөн айыл аймагынан болот. Алгач Кара-Суу шаарынын борборуна барып, андан кийин Ош шаарындагы көрктүү жерлерге чыгууну пландаган элек. Той кызыктуу өтүп жаткан. Бирок ошол маалда ӨКМдин ыкчам нөөмөтчүсү тарабынан Кара-Суу районунун борбордук базарында жайгашкан коомдук ажаткана кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Менин жанымдагы досторумдун баары куткаруу кызматында иштегендиктен ак көйнөкчөн болгонубузга карабай, айтылган даракке жөнөп кеткенбиз. Тойду убактылуу токтотуп, окуя болгон жерге барып, алгачкы куткаруу иштерин жүргүзө баштадык. Ал учурда ажаткана адамдарды басып калган болчу. Үйлөнүү үлпөт той жашоодо бир жолу гана болот. Ал күн эч качан эстен кетпей турган күн экендигин да билем. Бирок той деп адамдардын өмүрүн тобокелге салып коюу да туура эмес эле. Куткаруучу кандай гана учур болбосун адамдын өмүрүн жана ден соолгун сактоого милдеттүү. Биз куткаруу иштерин жүргүзүп, алгачкы медициналык жардам берип жаттык. Ал жерде ак көйнөкчөн ажатканага түшүп, өз ишибизди аткардык», - деди ал.

А.Жантөрөев өз милдетин аткаргандан кийин тойду уланткан. Анын айтымында, жубайы куткаруучуга турмушка чыгып жатканын ошол учурда биринчи жолу сезген.

«Арадан 4 саат өтүп кетиптир. Телефонума туугандарымдан тарта баары чалып чыгыптыр. Саатты карасам 18:00 экен. Менин тоюм болгондуктан кайра кийинип, тойду уланткам. Ошондо келинчегим куткаруучуга турмушка чыгып жатканын биринчи жолу сезген эле. Той өтүп жаткан тойканага араң жетишип баргам. Азыр жубайым ошол күнү болгон окуяда менин кылган ишиме ыраазы болуп, туура иш кылганымды айтып калат. Бул кызматта жаңы иштеп баштаганда 2,5 миң сом айлык маяна алсам, учурда 8 миң 200 сом айлык алам. Башка киреше булагым жок. Жубайым балдарыбызды тарбиялоо менен алек. Бирок мамлекеттин берген айлык маянасына канааттанып, кесибимди сүйүү менен эмгектенип келем. Маяна алганда кийимге, тамакка, жол кире жана башка чыгымдарга бөлүп коюп, андан кийин үнөмдөп пайдаланып, кийинки айга чейин жеткирем. Бул кызматта 10 жылдан бери иштейм. Андан бери түштүктө канча өзгөчө кырдаал болсо баарына катышып, бир нече адамды куткардым», - дейт ал.

ӨКМдин басма сөз кызматынын башчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, аталган министрликте куткаруучуларды кошкондо жалпы 6 миңден ашуун кызматкер эмгектенет. Алар орто эсеп менен 10-14 миң сомго чейин айлык маяна алышат.

2012-жылы 3-ноябрда Кара-Суу шаарындагы борбордук базарда коомдук ажаткананын дубалы кулаганда ичиндеги 4 адам каза болуп, 15 адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×