Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 03.07.2018 14:20

Кара-Суудагы ММА боюнча мелдеште өзбекстандык кыздар үстөмдүк кылышты

Turmush -  Кечээ, 2-июль күнү Кара-Суу районундагы Сарай айыл аймагында эрежесиз эр уруш (ММА) боюнча спорт сүйүүчүлөр арасында кыздар жана балдар ортосунда эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.

Кара-Суу райондук спорт комитетинин башчысы Зайирбек Эшмаматовдун айтымында, мелдешке Өзбекстандан, Тажикстандан жана Кыргызстандан жалпы 186 мушкер катышты. Алардын ичинен 40 мушкер кыздар. Катышуучулар 10 салмактык даражада, тактап айтканда 25 кг тарта 100 кг жогорку салмакта күч сынашкан. Мелдешти Кара-Суу райондук спорт комитети «WEF Global» уюму менен биргеликте уюштурду.

«Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Балдар арасында кыргыз спортчуларынан ийгиликке жетишкендер көп болду. Бирок кыздар арасындагы мелдеште Тажикстан менен Өзбекстандан келген кыздар көбүрөөк жеңүүчү болуп кетишти», - деди 3.Эшмаматов.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчү болгон мушкерлерге медаль жана дипломдар тапшырылып, ушул жылдын август айында Кара-Суу районунда 4 мамлекет арасында өтө турган мелдешке жолдомолор берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×