Бөлүмдөр
Бейшемби, 15-ноябрь
Ош облусуКара-Суу району 04.07.2018 09:10

Шарк айыл аймагындагы эл тойдогу чыгымдарды азайтууну каалашат

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтү Ош облусундагы айыл өкмөттөр жана жергиликтүүлөр менен биргеликте ар кандай маселелерди талкуулады. Айыл өкмөттүн башчысы Таалайбек Тезекбаевдин айтымында, жыйында жамааттык уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн ар кандай маселелер талкууланды.

«Биз чет өлкөлүк долбоорлор менен иштешип, акча утуп алганбыз. Ошону менен бирге жамааттык уставды өзгөртүү үчүн жогоркудай иш-чаралар уюштурулду», - деп кошумчалады Т.Тезекбаев.

Жыйынга Ош облусунун Ноокат, Араван, Чоң-Алай, Өзгөн райондорунан жана Кара-Суу районундагы бардык айыл өкмөттөрдүн жамааттары келген. Ошондой эле жергиликтүү тургундар жыйынга катышып, өздөрүнүн сунуштарын беришти. Жергиликтүүлөр мектептердин ишмердүүлүгү, сугат суу жана таза суу менен камсыздоо, таштандыларды чыгаруу жана жыйноо, айылдардагы той-мааракелердеги чыгымдарды азайтуу спирт ичимдиктерди сатууга тыюу салуу жана башка ар кандай сунуштарды айтышкан. Жыйынтыгында элден түшкөн жалпы 31 сунуштун ичинен 22 көйгөй жергиликтүү жамааттын уставына киргизилип, анын себеби элге түшүндүрүлгөн.

Жергиликтүү жамааттын (шаардын, айылдык аймактын) уставы жамаат мүчөлөрүнүн ортосунда, жамаат менен айыл өкмөттүн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ортосундагы өз ара мамиленин тартибин, алардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган документ болуп саналат. Мындай мазмундагы жыйындар Ош облусунун бардык айыл аймагында жүрүп жатканы маалым болду.

Шарк айыл өкмөтүндө жалпы 45 миң калк жашайт. Айыл өкмөттүн курамында 6 айыл бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×