Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 21.06.2019 10:08

«АНД» деген жазуу бар: Кара-Сууда чек аранын аймагындагы каналдан эркек кишинин денеси табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда Өзбекстан менен чектешкен аймактагы каналдан болжол менен 55 жаштагы эркек кишинин денеси табылды. Анын өздүгүн аныктоо үчүн милиция коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ушул жылдын 10-май күнү болжол менен саат 9:00 чамасында Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Барак айылы аркылуу агып өткөн, тактап айтканда Өзбекстандын Андижан облусунун Чарбадар айылы менен чектешкен «Савай-Арык» каналынын жээгинен болжол менен 50-55 жаштагы, азиат түспөлүндөгү эркек кишинин денеси сууга кулап калган бактын түбүнөн табылган. Учурда маркумдун өздүгү тактала элек.

Өзгөчө белгилери: Бою болжол менен 165-170 см, төбөсүндө чачы жок, маңдайкы тиштери бүтүн, сол ийининде көк түстөгү «АНД» деген жазуу, сол колунун бармагында көк түстөгү «Б» деген тамга жана эки тарабында 3 сызык бар, кара түстөгү ич кийимчен болгон.

Аталган жаранды таанып-билгендер болсо милицияга кайрылып же 03232 5 31 81, 0551 91 91 07, 0779 33 43 23, 0550 05 05 89 телефон номурлары аркылуу байланышса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×