Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 24.06.2019 18:24

Кара-Сууда 2 унаа кагышып, жүргүнчү каза болду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, 32 жаштагы эркек киши каза болду. Ал эми 3 адам ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Кечээ, 23-июнь күнү саат 08:00 чамасында Бишкек—Ош автоунаа жолунун 661-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз-Чек айылында Кара-Суу районунун 1988-жылы туулган тургуну М.М. «Дэу Нексия» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жаткан. Ал каршы тилкедеги «Хендай Портер» унаасы менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу У.Д. жана жүргүнчү — Кара-Суу районунун 1993-жылы туулган тургуну И.И., ошондой эле «Дэу Нексия» унаасынын айдоочусу Ош облустар аралык клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал эми «Дэу Нексия» унаасынын жүргүнчүсү — Кара-Суу районунун 1987-жылы туулган тургуну С.З. окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда аталган факт боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×