Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 04.07.2019 17:03 На русском

Кара-Сууда жайытка мыйзамсыз там курган адамдарга канча айып салынды?

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Лаглан айылындагы жайыт жерге мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзгөн жарандарга айып пул салынып, курулуштары бузулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Рысбек Юсупов билдирди.

Анын айтымында, Лаглан айылындагы жайыт жерге 12 мыйзамсыз курулуш курулган.

«Жайыт жалпы эл пайдалана турчу жер болуп саналат. Ошондуктан Лаглан айылынын аймагында мыйзамсыз курулган 12 курулуштун төртөө (там) бузулду. Калганы дагы бузулат. Аларды кургандарга 3 миң сомдон 7 миң сомго чейин айып пул салынды», - деди Р.Юсупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×