Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 05.07.2019 15:26

Россияда өлтүрүлгөн кыргыз ишкер кичи мекенинде жерге берилди

Turmush -  Россияда Екатеринбург шаарында атып кетишкен кыргызстандык ишкер Камчыбек Каримов кичи мекенинде жерге берилди. Бул тууралуу Россиядагы кыргыз конгрессинин Свердлов облусундагы өкүлү Матмурза Полотбеков билдирди.

Кечээ 4-июль күнү кечинде маркум К.Каримовдун сөөгү Екатеринбург—Ош каттамы менен Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Сөөктү 20га жакын туугандары жана жакындары алып кетишкен. Маркумдун сөөгү бүгүн, 5-июль күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жерге берилген.

Буга чейин «Баракелде» басылмасы Россиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурунку башчысы — ишкер Камчы Каримовду өлтүрүп кетишкенин жазган. Маркумдун курсагына жана бутуна ок атышкан. Анын жансыз денеси 2-июль күнү Калинин көчөсүндө жайгашкан үйдүн жанынан табылган.

К.Каримовго кол салган учур камерага түшүп калган.

Болжолдуу маалымат боюнча, окуя болгон жерден акча салынган баштык (сумка) да табылган. Каримов окуя болгонго чейин кара түстөгү «Фольксваген Туарег» унаасы менен аталган үйдүн короосуна кирип кеткен. Унаа 3-4 ай мурун сатылып алынып, бирок жаңы ээсине катталбаганын булактар билдиришти.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, ишкер менен күзөтчүгө окшош адамдын ортосунда жаңжал чыгып, ок атылган. Ал эми дагы бир жашоочу ишкерге эки адам кол салып, окуя болгон жерден качып кетишкенин айткан.

«Алар күзөтчүгө окшош эмес болчу. Алгач эркек адамды сабап, андан кийин бутуна ок атышты», - деген ал.

Мындан тышкары басылмага булактар аркылуу маалым болгондой, тез жардам кызматы жеткенде Каримов тирүү болгон. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Ал эми жергиликтүү басылмалар: «Ага эки жолу ок атылган. Өлтүрүлгөн ишкер "Таганский ряд" базарында ишкерлик менен алектенчү. Ага кол салгандар "Фольксваген" унаасы менен келишкен. Алар ишкерди өлтүргөндөн кийин унааны окуя болгон жерге таштап кетишкен. Унааны полиция эвакуатор менен жүктөп кетти», - деп жазышкан.

«66.ru» порталынын маалыматы боюнча, К.Каримовду саат 15:00 чамасында атып кетишкен.

Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×