Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 18.07.2019 20:00

Кара-Сууда өткөн жылга салыштырмалуу пахта жана картошка аз эгилди. Адистер коон-дарбыз эгүүнү сунушташкан

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Быйыл Кара-Суу району боюнча өткөн жылга салыштырмалуу пахта жана картошка аз эгилген. Бул тууралуу Кара-Суу районунун агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Мамедов билдирди.

Анын айтымында, пахта өткөн жылга салыштырмалу 548 гектарга, картошка 518 гектарга, жашылча-жемиштер 285 гектар жерге аз эгилген. Ал буга экспорттун көлөмүнүн азайганы себеп болгонун айтты.

«Район боюнча пахта 7 миң 620 гектар жерге, картошка 1 миң 258 гектарга, жашылча-жемиш 3 миң 350 гектарга, кылкандуу дан өсүмдүктөрү 16 миң 779 гектарга, дарбыз-коон 1 миң 752 гектарга, май өсүмдүктөрү 861 гектарга, жүгөрү 10 145 гектарга, беде чөбү 6 миң 478 гектар жерге эгилген. Булардын ичинен жүгөрү гана өткөн жылга салыштырмалуу 432 гектар жерге көп эгилди.

Биз дыйкандарга быйыл жашылча, коон-дарбыздарды көбүрөөк эгүүгө кеңеш бергенбиз», - деди К.Мамедов.

Кара-Суу району боюнча жалпысынан 49 миң 517 гектар эгин талаасы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×