Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 18.07.2019 19:00

Видео — Кара-Сууда спорт зал курула турган жерге таштанды таштап кетишкен

Turmush -  Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында спорт зал курула турган 30 сотых жердин жанына таштанды таштап кетишкен. Бул тууралуу аталган айылдын тургуну Кылыч Баитов аймактык кабарчы билдирди.

Анын айтымында, таштандыны ошол аймактагы эс алуучу жайдын кызматкерлери таштады.

«Мен 10 күнгө жумушум менен башка жакка кеткенде эс алуучу жайдын кызматкерлери таштандыларды таштап кетишиптир. Ал жерди спорт зал курулат деп тосуп койгонбуз», - деди К.Баитов.

Ал эми Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы Алмазбек Абдураимов аталган маалымат боюнча кабары жок экенин айтып, бирок чара көрүлө турганын билдирди.

«Биздин кызматкерлер ошол эс алуучу жай жакта рейдде жүрүшөт. Аталган маалымат боюнча кабарыбыз жок. Буга сөзсүз чара көрөбүз», - деди А.Абдураимов.

Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов да бул боюнча маалымат түшпөгөнүн билдирди. Ал башкармалык тарабынан тиешелүү чаралар көрүлөрүн айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×