Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 31.07.2019 18:02

Кара-Сууда 2 унаа кагышып, бири каналга түшүп кетти

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда 2 унаа кагышып, анын бири каналга түшүп кетти. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кечээ, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө Кара-Суу районунун 1977-жылы туулган тургуну И.И. өзүнүн «Хундай Аванте» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып «Хундай Портер» унаасын сүзгөн. «Хундай Портер» унаасын Ош шаарынын 1982-жылы туулган тургуну К.Д. башкарып жүргөн. Жол кырсыктын кесепетинен «Хундай Аванте» жолдун четиндеги каналга түшүп кеткен. Айдоочулар жабыркаган жок.

Аталган кырсык боюнча Кара-Суу РИИБ тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×