Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 31.07.2019 23:18

Видео: Ошто май ташуучу унаа өрттөнүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 31-июль күнү саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы май куюучу жайда май ташуучу унаа өрттөндү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, учурда май ташуучу унаа жалындап өрттөнүп жатат. Милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо үчүн өрттөн 200 метр аралыкты күзөткө алган. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Бирок алар өрттү өчүрүүгө жетишпей, кошумча бөлүмдөр чакыртылды. Өрт чыккан май куюучу жайдан алыс эмес жерде дагы бир май куюучу жай жайгашкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, май ташуучу унаа Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Мамырова көчөсүндө өрттөнүдө. Өрт тууралуу маалымат саат 22:23тө келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×