Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 01.08.2019 09:56

Видео — Оштогу жалындап күйгөн май ташуучу унаа

Turmush -  Кара-Суу районунда өрттөнгөн май ташуучу унаа кечээ, 31-июль күнү саат 23:45те толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 31-июлда болжол менен саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Мамыров көчөсүндө жайгашкан «Петролеум» май куюучу жайдын жанында токтоп турган май ташуучу унаадан өрт чыккан. Милицияга өрт тууралуу маалымат саат 22:18де келип түшкөн. Окуя болгон жерге тез арада Ош ШИИБдин кызматкерлери барып, тургундарды коопсуз аймакка турууга чакырышып, өрт чыккан жерди курчоого алышкан. Унаа жол да жабылган болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркаган адамдар болгон эмес. Өрт 23:09да чектөөгө алынган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, май ташуучу унаа Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Мамырова көчөсүндө өрттөнгөн. Өрт тууралуу маалымат саат 22:23тө келип түшкөн. Аны өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Tumush басылмасы 31-июль күнү саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы май куюучу жайда май ташуучу унаа өрттөнгөнүн жазган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоо үчүн өрттөн 200 метр аралыкты күзөткө алышкан. Өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Бирок алар өрттү өчүрүүгө жетишпей, кошумча бөлүмдөр чакыртылган. Өрт чыккан жерден алыс эмес аймакта дагы бир май куюучу жай жайгашканы айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×