Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 01.08.2019 10:29

Кара-Сууда май куюучу жайлар текшерилип, эскертүүлөр берилди

Turmush -  Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу району боюнча аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Кара-Суу районунун аймагындагы май куюучу жайларды текшерүүгө алды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысы Рысбек Юсупов билдирди.

Анын айтымында, райондун аймагындагы бир катар май куюучу жайга эскертүүлөр берилди.

«Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен Кара-Суу районунун аймагындагы май куюучу жайларды текшерип, түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аларга экологиялык, техникалык жана өрт коопсуздугу тууралуу түшүндүрдүк», - деди Р.Юсупов.

Кара-Суу районунун аймагында жалпы 53 май куюучу жай бар.

Tumush басылмасы 31-июль күнү саат 22:00 чамасында Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылындагы май куюучу жайда май ташуучу унаа өрттөнгөнүн жазган.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×