Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 03.08.2019 11:40

Кара-Сууда 4 жыл мурда үй-бүлөсү менен Сирияга чыгып кеткен адамдын үйүнөн ок-дарылар табылды. Сүрөт

Turmush -  Кечээ, 2-августта Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айыл аймагынын 1969-жылы туулган тургуну Р.Ш.нын үйүнөн ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери анын үйүн тинтүү учурунда «Калашников» автоматынын 1080 даана огу, РГД-5 үлгүсүндөгү граната табылды. Үй ээси 2015-жылы үй-бүлөсү менен Сирияга чыгып кеткен. Учурда анын үйү жакындарынын көзөмөлүндө турат.

Табылган ок-дарылар боюнча атайын экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×