Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 07.08.2019 16:48 На русском

Эгиз кыздарды төрөгөн 34 жаштагы Парида дагы 3 эмдүү болду (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районунда эгиз кыздардын апасы дагы 3 эм төрөдү. Бул тууралуу Сарай айыл өкмөтүнүн социалдык иштер боюнча адиси Чолпон Кыдыралиева билдирди.

26-июль күнү Парида Мамажанова Ош шаардык төрөт үйүндө эки кыз, бир уул төрөгөн. Учурда энеси менен ымыркайлар үйүнө чыгарылып, айыл өкмөт тарабынан бешик араба (коляска) берилген.

«Үй-бүлө менен жакындан таанышып келдик. Буга чейин 4 кыз, 1 уулу бар болчу. Эми минтип 3 эмдүү болуп жатышат. 3 эмге Мухаммедали, Салиха, София деген ысымдарды ыйгарышкан. Буга чейин Фатима, Зухра аттуу эгиз кыздуу болушуптур. Үй-бүлө орто жашайт. Саан эчки алып берүү боюнча айыл өкмөткө кат жолдогонбуз. Буюрса алып беребиз», - деди Ч.Кыдыралиева.

Парида Мамажанова 34 жашта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×