Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ош облусуКара-Суу району 07.08.2019 17:22 На русском

Видео — Унаасын мал сарайга каткан. Жол тескөөчүнү ыргыта сүзгөн айдоочу кармалды

Turmush -  Кара-Суу районунун Фуркат айылында унаасы менен жол тескөөчүнү сүзүп, токтобой качып кеткен айдоочу кармалды. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Бүгүн, 7-август күнү саат 13:30 чамасында жол тескөөчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаасы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Каратай айылындагы үйлөрдүн биринен мал сарайда ак кездеме менен жабылып турган жеринен табылган. Унаанын айдоочусу Ош ЖКККБ жана Кара-Суу ЖКККБ, Ош ОИИБдин жана Мады айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Айдоочу Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну М.А. экендиги аныкталды.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Суу районунун Фуркат айылында унаасы менен жол тескөөчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу изделип жатканын жазган.

5-август күнү кечки саат 22:20 чамасында Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 3-чакырымында (Фуркат айылы) мамлекеттик номуру белгисиз «Хонда Фит» үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган. Ошол жерде кызмат өтөп жаткан Ош облусу боюнча ЖКККБнын кенже тескөөчүсү, милициянын старшинасы Б.А. унааны токтотууга буйрук берген. Бирок айдоочу жол тескөөчүгө баш ийбей аны сүзүп, унаасын токтотпостон Алай районун көздөй качып кеткен. Анын кесепетинен ЖКККБнын кызматкери Б.А. денесинен жаракат алып, Ош облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×