Turmush — Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнүн Социализм айылынын тургундары айылдын жогору жагында жайгашкан кыш заводдун жетекчилигине нааразычылыктарын билдиришкен. Айыл тургундары кыш заводдун оор жүк ташуучу унаалары жолду кейиштүү абалга келтирип, айлананы чаң кылып жатканын айтышкан.
«Улан-Чи» ЖЧКнын маалыматына караганда, сөз болуп жаткан кыш завод 2009-жылы атайын чалгындоонун жана лицензиянын негизинде, ошондой эле Мады айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын суранычынан улам курулган. Себеби 2009-жылы мамлекеттик стратегиялык саясатка ылайык, жергиликтүү бийлик органдары инвесторлор менен иштеп, инвестиция тартып, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүн камсыздашы керек болчу. Мындан улам Мады айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы инвестор тартуу максатында «Улан-Чи» ЖЧКсына кайрылган.
«Президент өлкөдө үчүнчү жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу жер-жерлердеги ишкерлердин өндүрүшү жабыркап калбашы үчүн жыл башында ишкерлерди ыксыз текшерүүгө мораторий жарыяланган. Бирок Социализм айылындагы кыш завод туруксуздуктан улам зыянга учуроодо. «Улан-Чи» ЖЧКсы кыш заводду куруудан мурун Социализм айылынын тургундары менен жыйын өткөрүп, алардын маселелерин чечип берүүгө ниеттенген. 2009-жылы завод куруларда ЖЧКнын жетекчилиги 400 миң сом акча бөлүп, айылга жер астынан суу чыгарып берген. Бүгүнкү күндө ал сууну айылдагы 100гө жакын үй-бүлө акысыз колдонот», - деп айтылат «Улан-Чи» компаниясынын маалыматында.
Ал эми аталган ишкананын директорунун орун басары Абдимитал Бердиев айылдагы жолдун бузулганын кыш заводдун жогору жагындагы шагыл заводго каттаган оор жүк ташуучу унаалар менен байланыштырды. Анын айтымында, Социализм айылынын айрым тургундары келтирген жүйөөлөр негизсиз.
«Айылдын айрым тургундары «топуракты казып кетти, жайыт жерибизди бузду» деп жатышат. Кыш заводдун аймагындагы топурактын катмары 5-6 метрди гана түзөт. Андан аркы катмарынан жалаң шагыл чыгат. Анан аталган айыл аркылуу биздин оор жүк ташуучу унаалар аз жүрөт. Биздин техникалардан сырткары жүздөгөн жеке адамдардын жүк ташуучу унаалары ошол жол аркылуу каттайт», - деди А.Бердиев.
Учурда 1 даана кыштын базардагы баасы 5,5 сомду түзөт. «Улан-Чи» ЖЧКсы жергиликтүү тургундарга 20 пайыз арзандатуу менен 1 даана кышты 4 сом 20 тыйындан сатат. Мындан сырткары айыл башчылар менен бирге иштешип, аз камсыз болгон жарандарга акысыз көмүр жана башка ар түрдүү жардамдар берилет.
«Биздин завод иштеп жаткандан бери аймакка көп үйлөр курулду. Айылдагы мечиттин курулушуна 25 миң кыш жана цемент бергенбиз. Ошондой эле айылдагы мектептин директорунун кайрылуусунун негизинде 200 миң сомдук курулуш материалдарын жардам катары бердик. Ошол эле мектептин жанына спорт зал курулуш керек экен. Анын долбоорун түзүү үчүн 50 миң сом бердик. 50 адам жумуш менен камсыз болуп, мамлекетке жыл сайын 2,5 млн сом салык төлөйбүз. Жумушчуларга заводдун эсебинен 3 маал тамак-аш берилет. Өлкөбүздү мыйзам боюнча салыктар өз убагында төлөнөт. Эмне маселе болсо эл менен түз отуруп кеңешип, чечебиз», - деди Абдимитал Бердиев.
Ал нааразы болгон тургундардын арыз-муңун жеринен угуп, 650 метр жолго асфальт төшөлөрүн билдирди.
«Ал жактын жол көйгөйүн Мады айыл өкмөтүнүн тургуну катары билем. Мадынын борбордук жолунан мечитке чейин 2 жыл мурун асфальт төшөлгөн. Андан ары жагындагы СССР мезгилинде курулган жол эскирип, начар абалга кептелген. Жергиликтүү тургундардын талаптары боюнча мечиттен баштап мүрзөгө чейинки 650 метр жолду тегиздеп, шагыл төшөп беребиз. 2 айдан кийин асфальт төшөө иштери башталат», - деди Абдимитал Бердиев.