Turmush — Кечээ, 19-май күнү эркин күрөш боюнча Кара-Суу шаарынын мэринин кубогу өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, бул мелдеш өспүрүмдөр, чоңдор арасында өтүп, Кыргызстандын 7 аймагы, 2 шаарынан жана Өзбекстандан жүздөгөн спортчулар катышты. Кара-Суу шаарынын мэри Майрамбек Тентимишов мелдештин жеңүүчүлөрүнө ийгилик каалап, буга чейин шаар мэри спорттун олимпиадалык түрлөрүнө басым жасаларын баса белгиледи.
«Өлкөбүздө акыркы жылдары спорттун олимпиадалык түрлөрүнө басым жасалып, бул багытта алгылыктуу иштер жасалып жатат. Мындан ары да ушул багыттагы иштерди жандантып, спорттун олимпиадалык түрлөрүнө өзгөчө көңүл бурулат», - деди мэр.
Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө медалдар тапшырылып, сыйлыктар берилди.