Turmush — Мектептерде эркек мугалимдерди көбөйтүү маселеси өткөн апта Жогорку Ке\еште кайрадан көтөрүлдү. Манас шаарындагы мектептерде 1990 мугалим эмгектенсе, анын ичинен 156сы гана эркек мугалим. Калаадагы мектептердин ичинен №6 мектепте азыркы тапта 36 мугалим эмгектенсе, бирөөсү гана эркек мугалим. Тактап айтканда тарых сабагынан сабак берген Талантбек Ташматовду айтууга болот. Ал аталган билим уяда 6 жылдан бери балдарга билим берип келе жатат.
«1988-жылы ушул калаадагы Жалал-Абад педагогикалык училищаны бүтөрүм менен Баткен облусунун Бужум айылына жөнөтүлүп, ошол жактан мугалимдик кесипти аркалап баштагам. Ал жактан аскердик кызмат өтөөгө кетип, кайра келгенде Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырдым.
Ата-энем, чоң атам да мугалим болгондуктан, мага бул кесип өзгөчө жакын болуп калган. Бир учурда мугалимдердин статусу жогору болчу, сыйлашчу. Азыр мугалимдерге жасалып жаткан мамилени көрүп жатасыздар. Ошол эле учурда эмгегиңди баалагандар да жок эмес. Кесибин сүйгөндөр иштейт. Алдыда мугалимдердин айлыгы дагы 100 пайыз көтөрүлөт деп жатат. Үмүт менен күтүп жатабыз. Тапкан маянаны деле шүгүрчүлүк менен жеткирсе болот», - деди ал.
Мугалим да мектептерге эркек окутуучуларды тартуунун зарылдыгын учур айгинелеп жатканын белгиледи.
«Эркек мугалимдердин орду жогору болорун абал көрсөтүп жатат. Балдар деле «агайларды жакшы угабыз» деп атышпайбы. Үйдө деле ата башкарган, эне башкарган үй-бүлө башкачараак болот го. Ошондой эле десе болот. Анан да балдардын тартибине таасири болот. Мектепте эркектин колу менен бүтө турган жумуштар бар. Ошондойдо эжекелер кыйналбашы керек.
Байкаганым практикага эркек студенттер да азыраак келет. Ноокендик бир эркек студенттин практикада жүрүп өткөн сабагы окуучуларга жагыптыр. Практикасы бүтүп кеткенден кийин балдардын суранычы менен келип бир сабак өтүп берген. Балдардын тандоосу болгон. Ошондой балдарга жагып сабак бере алган эркек мугалимдер көбөйсө дейм.
Мугалим башкысы балдар менен тил табышып, алардын ар кандай суроолоруна туура жооп бериш керек. Жогорку куласстагы окуучулары айрыкча кесип тандоодо көп кенеш сурап калышат. Ар бир адамдын шыгына жараша жол көрсөтүп койгон жакшы», - деди мугалим.
Талантбек Ташматов тарых сабагынан сырткары адам жана коом, диндердин өнүгүү тарыхы боюнча да сабак берет.
№6 мектепте былтыркы окуу жылында 3 эркек мугалим эмгектенген. Бириси англис тилинен сабак берчү, айылга турак жай салып жумушун которгон. Дене тарбиядан сабак берген агай 1 ай мурун Россияга иштөөгө кеткен. Балдарга дене тарбия сабагы үзгүлтүккө учурабай, башка мектептин мугалимдери чакырылып өткөрүрүлүп жатат. Дене тарбия сабагы боюнча эркек мугалим тартуу боюнча жетекчилиги иш алып барып жатат.
Жалал-Абад облусу боюнча 17790 мугалим эмгектенет. Анын 2320сы эркек мугалимдер.
25-декабрда Бишкекте өткөн курултайда президент Садыр Жапаров мугалимдердин маянасы көтөрүлөрүн айткан.
«Мамлекеттик органдар, жарандык коом, ар бир үй-бүлө дарыгер менен мугалимдердин аброюн көтөрүүгө милдеттүүбүз. Анткени балдарыбыздын кат-сабатын ачып, баарыбызды дарылагандарга сый-урмат болмоюнча өнүккөн өлкө боло албайбыз. Ошол себептен 2026-жылдын 1-апрелинен тарта мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлыгы дагы бир ирет 100% көтөрүлө турганын баса белгилегим келет.
Кечээ жакында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Алешович 50%дан кем эмес көтөрөбүз деп жарыя кылды эле. Биз кеңешип, өкмөттүн чама-чаркын кайра карап чыгып, эмгек акыга кайра кошумча 1 ставка 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизүү менен эмгек акыны орточо 100% көтөрөлү деп чечтик.
Учурда мугалимдердин орточо эмгек акысы 26 миң сом, ал эми 1-апрелден тарта көтөрүлгөндөн кийин 52 миң сомдун тегерегин түзөт. Мугалимдердин маянасы алардын билим деңгээлине, педагогикалык иш стажына, квалификациялык категориясына, аймактын жайгашкан жерине, окуткан сабагына жана жумалык саат жүктөмдөрүнө жараша аныкталат. Шаар жергесиндеги орто билим берүү мектебине, педагогикалык орто билими бар бирок стажы жок - жаңы келген мугалимдин эмгек акысы 1 апрелден тарта 36 миң 800 сомду түзүп, салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн кийин колуна таза 31 миң 200 сомдун тегерегинде алат. Студент болуп бүтүп келген жаңы мугалим.
Райондук коэффициенти 1,8 болгон тоолуу алыскы райондо иштеп жана жашаган, 30 жылдан ашык педагогикалык иш стажы бар орто мектептин математика мугалиминин учурдагы эмгек акысы 65 миң 800 сом, ал эми 1-апрелден тарта 97 миң 600 сомду түзөт.
Учурда дарыгерлердин орточо айлыгы 31 миң 500 сом. Көтөрүлгөндөн кийин 62 миң 500 сомду түзөт, чегерүүлөрдөн кийин колуна 50 миң сомдон ашык сом тиет.
Шаар жергесинде тажрыйбасы жок, 1 ставка менен жаңы иштеп баштаган дарыгердин айлыгы учурда 16 миң 900 сом, ал эми көбөйгөн кийин 42 миң 100 сомду түзүп, колуна 35 миң 500 сом алат. Тоолуу аймактагы жогорку квалификациялуу категориядагы жана 30 жылдык иш тажрыйбасы бар 1 ставка менен иштеген дарыгердин айлыгы 91 миң 700 сомду түзүп, колуна 75 миң 700 сомдун тегерегинде алат», - деген болчу президент.