Turmush — Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылында дыйкандар өстүргөн жашылча-жемиштер сатыкка чыгарылды.
Александровка айылы Миң-Булак айыл аймагында жайгашкан. Анда жашоочулардын басымдуу бөлүгү айыл жана мал чарбасы менен алектенет.
Айылдагы соода комплексиндеги соодагерлердин айтымында, дыйкандар күнөсканада өстүргөн чамгыр жана бадыраң жаңыдан сатыкка чыкты.
«Бул айылда дунган улутундагы жашоочулар көп. Алар жаз алды менен күнөсканада ар түрдүү жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Учурда алгачкы жолу чамгырдын 3 даанасы 100 сомдон, бадыраңдын килограммы 150 сомдон сатыкка чыкты. Бул баа туруктуу эмес. Себеби жакында атаандаштык көбөйүп, баасы төмөндөп баштайт», - деди сатуучулардын бири.
Аталган базарда картошка 60 сом, пияз 20 сом, капуста 40 сом, алма 130 сом, жүзүм 400 сомдон жана мал эти 700-740 сомдон сатылууда.
Ал эми базар босогосунда чет жерден келген жарандар жаш балдары менен тилемчилик кылып жатканын байкоого болот. Айрым маалыматтар боюнча, алар Анжиян тараптан жыл сайын келип, тилемчилик кылышат.
«Келгин куштар сыяктуу эле жазда келип, кышта кетишет. Күн ысыкта ачык асман алдында жаш балдары чаң сапырып ойносо, өздөрү эмчектеги баласы менен бетон тепкичте отурат. Ушул туурабы?», - деди жергиликтүү тургундар.