Turmush — Нарын облусунда жол эрежесин бузган айдоочуга 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Социалдык тармактарда Куакы-Көк-Мойнок ашуусунда «AUMAN» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу башка айдоочулардын жүрүү кыймылына кооптулук жаратып, жол кырсыгына шарт түзүп, каршы жол тилкеси менен айдаганы боюнча видео тараган.
Бул факты боюнча Ат-Башы РИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринин иш-аракеттеринин негизинде жол эрежесин бузган айдоочу табылды. Ал А.Т. экендиги аныкталып, Укук бузуу жөнүндөгү кодекстин 188-беренесинин 5-бөлүгү (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен озуп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу) жана 192-берененин 1-бөлүгүнө (жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу) ылайык протокол түзүлүп, 15 000 сом айып пул салынып.
Айдоочуга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.