Turmush — Бүгүн, 7-апрелде Москва районунун Беловодск айылындагы эс алуу паркында Апрель революциясынын 16 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, ага райондун акими Илияз Ташбаев баш болгон жетекчилер, Апрель революциясынын катышуучулары эстеликке гүлчамбар коюшту. Курман болгондордун элеси эскерилип, аларга багышталган Куран окулду.
Соңунда Апрель революциясында көрсөткөн эрдиги үчүн Эстебес Рыскелдиев, Замира Рахимжанова, Бердалы Надырбеков жана Алмазбек Иманалиевдерге райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталар тапшырылды.
2010-жылдын 7- апрель төңкөрүшүндө райондон Беккул Ысыев, Кудурат Аширов жана Өмүрбек уулу Адыл каза болгон. Алардын ысымдары эстеликке жазылган.