Turmush —
Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну, ардактуу эс алуудагы имам Мырзахатам Арипов акка моюнду. Бул тууралуу муфтияттын Баткендеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, маркум 78 жашта болчу. Ал өмүрүнүн көп бөлүгүн ислам динин жайылтууга арнап, айылдагы мечитте 60 жыл имамдык кылган.
Ал бүгүн, 8-апрель күнү Жаңы-Жер айылына жерге берилет.