Turmush — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургуну Толкун Осмонова элеттик балдарга англис тилин үйрөтүп келет. Ошондой эле ал тажрыйбасы менен облустун башка мугалимдери менен бөлүшүп жаткан учуру. Агартуучу менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Осмонова Толкун Туратбековна 1980-жылы 12-июлда Чоң-Сары-Ой айылында туулган. 1997-жылы мектепти аяктап, бала кезден кыялданган мугалимдик кесипке ээ болду.
«Мугалим болуп калганыма апам түрткү берген десем болот. Апам Күмүшкан Султанова Чоң-Сары-Ой орто мектебинде 40 жылдан ашуун башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. Азыр пенсияда эс алууда. Апам кичинемден сабакка даярданып, башталгыч класска билим бергендиктен кызыктуу көрсөтмө куралдарын даярдап жатканын көрүп чоңойдум. Ар бир балага биринчи мугалими болгондуктан өзгөчө мамиле кылчу. Аны көрүп мен да апам сыяктуу ардактуу кесип ээси болгум келчү», - дейт ал.
Каарманыбыз 2002-жылы Каракол шаарындагы К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин аяктаган. Эмгек жолун 2002-жылы Бишкек шаарындагы №38 мектеп-гимназиясында баштаган. Учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жергез (Новоконстантиновка) айылынын Осмон Элебесов атындагы жалпы билим берүү мектебинде англис тили мугалими болуп эмгектенип келет.
Анын айтымында, акыркы жылдары районго туристтик жайдын курулушу жаштардын бул тилге болгон кызыгуусун арттырды.
«Ажобуздун демилгеси менен Ак-Суу районунда "Ала-Тоо резорт" долбоору курулуп баштады. Биздин региондо туризм тармагы өнүгүп келе жатат. Ошондуктан жергиликтүү калк англис тилди билүүсү зарыл. Себеби бүт дүйнө жүзүнөн туристтерди тособуз, тил билүү зарыл экенин жергиликтүү калк да түшүнүп жатат. Мындан улам учурда тил үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны өстү десем болот», - дейт ал.
Мындан улам агартуучу элеттик балдардын тил үйрөнүүсүнө шарттарды түзүүнү башкы планга койгон.
«Менин учурдагы максатым — айыл жериндеги балдардын англис тилине болгон кызыгуусун арттыруу. Бирок айыл жериндеги балдар үчүн мүмкүнчүлүктөр чектелүү болушу мүмкүн. Ошого карабастан, сабактарымда санариптик технологиянын өнүгүү мезгилинде онлайн платформаларды, интерактивдүү усулдарды колдоном.
Биринчи кезекте окуутууну кызыктуу кылуу маанилүү. Балдар көбүнчө оюн аркылуу тез үйрөнүшөт. Сабактарды жөн гана китеп менен чектебестен оюндар, ырлар, табышмактар жана ролдук оюндар менен коштоо керек.
Экинчиден, сабакты күнүмдүк жашоого байланыштыруу зарыл. Эгер бала үйрөнгөн сөздөрүн турмушта колдонсо, анын тилге болгон кызыгуусу артат. Санариптик технологиянын жардамы да чоң. Айылда интернет жай болсо алдын ала жүктөлгөн видеолор, мультфильмдер, мобилдик тиркемелерди колдонсок болот.
Негизги айтып кетчү нерсе, балдарга мотивация берүү. Балдарды мактап, жетишкендиктерин белгилеп айтуу алардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатат. Мугалим менен ата-эненин кызматташуусу дагы чоң роль ойнойт. Эгер ата-эне баласына колдоо көрсөтсө, натыйжа кыйла жакшы болот.
Айыл жеринде балдардын англис тилине болгон кызыгуусун өнүктүрүү толук мүмкүн. Эн башкысы — сабакты кызыктуу уюштуруу, практига көңүл буруу, балдарды дайыма колдоп туруу. Ошондо балдар тилди үйрөнүүгө шыктанып, келечекте кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Ушунун баарын сабактарда да колдонууга аракет кылып келем», - дейт ал.
Толкун Осмонованын айтымынжа, балдар сабагына кызуугу менен катышып, анын да көңүлүн көтөргөн учурлар болот.
«Мугалимдин кесиби өзү эле кызыктуу. Балдар менен иштөө кызыктуу дагы, жоопкерчиликтүү дагы. Окуучуларым сабакка кечигип келип, таттуулар менен көңүлүмдү көтөргөнү эсимде калган. Бала канча жашта болбосун баары бир бала кыял болушат. Мындан улам чын жүрөктөн кылган кылыгына жылмаясың», - деди ал.
Осмонова балдарга англис тилин үйрөтүү боюнча тажрыйбасы менен облустун башка мугалимдери менен да бөлүшүп келет. Азыркы учурда Кыргызстандагы англис тилчи мугалимдердин ассоциациясынын Ысык-Көл облусундагы лидери.
«Быйылкы жылы Ак-Суу, Түп, Каракол шаарынынын англис тилчи мугалимдерине инклюзивдик билим берүү жана социалдык-эмоцианалдык компетентүүлүк боюнча тренингдерди өттүк. Жылдын аягында Квалификацияны жогорулатуу институту менен биргеликте сертификаттары тапшырылат. Биздин максатыбыз — англис тилчи мугалимдерге усулдук жардам көрсөтүү жана кесипкөйлүктү жогорулатуу», - дейт ал.
Ошондой эле мугалим 12 жылдык билим берүү учурунда англис тилин үйрөнүү кандай жүрүп жатканын айтып өттү.
«Учурда билим берүү системасында реформалар болуп жатат. Алардын негизгиси — 12 жылдык билим берүүгө өтүү. 12 жылдык билим берүү — бул дүйнөлүк стандартка шайкеш келүү. Ошондой эле англис тилин берүүдө да өзгөрүүлөр көп. Кембридж программасынын алкагында 3-9-класстын окуучулары үчүн "TOWE" окуу китептери (авторлору Френсис Трелоар жана Стив Томпсон). Бул окуу китептери окуучулардын негизи окуу, суйлөө, угуу жана жазуу көндүмдөрүн өнуктүрүүгө багытталган. Китеп окуу китеби, жумушчу дептеринен, аудиолорду, мугалимдер үчүн методикалык китептерди камтыйт. Мугалимдерге иштөөгө кыйла жеңил жана ыңгайлуу. Билим берүү министирлиги тарабынан берилген "Алтын казык" ноутбуктарында да "санарип кампалары" жүктөлгөн. "Санарип кампасынан" мугалимдер керектүү материалдарды, окутуу ресурстарын оңой таба алышат», - дейт ал.
Бул эмгектеринин аркасында билим берүүнүн, жергиликтүү бийликтин бир нече сыйлыктарына ээ болгон. Ошондой эле англис тили боюнча бир нече сынактардын жеңүүчүсү.
Мугалим бош убактысын балдарга таттууларды жасап өткөрөт. Ошондой эле кыргыздын мааниси терең ырларын ырдоону жактырат. Учурда жолдошу менен 3 баланы тарбиялап келет.