Turmush — Бүгүн, 13-апрелде саат 10:30 чамасында Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде узун унаа тыгын пайда болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.
Алардын айтымында, жолдо эмне болгону белгисиз. Жол тескөөчүлөр жолду тосуп, бир нерсе кылып анан койберишти. Токтогон жер чукул бурулуш, кооптуу жер болчу.