Turmush — Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын 72 жаштагы тургуну Нуриса Көкүмбаева 1980-жылдан бери бөлмө гүлдөрүн өстүрүүнү негизги хоббисине айланткан. Бүгүнкү күндө анын үйүндө 50дөн ашык гүл челеги бар.
Анын айтымында, бардык гүлдөрдү жакшы көрөт жана ар бирин көгөртүп, соолутпай өстүрүүгө аракет кылат. Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен өзгөчө герань гүлүн жактырат. Себеби бул гүл тынымсыз гүлдөп, жарыкты жакшы көрөт. Герандын бутактары күн тарапты көздөй өсөт. Ошондуктан ал гүлдү улам айлантып, бардык жагынан бирдей өсүшүнө шарт түзөт.
«Герань гүлдөрүн 5 күндө бир сугарып турам. Айына бир жолу 1 литр сууга "Аспирин" кошуп куюп турам. Кээде жалбырактарына да чачам. Ошондой эле оттун күлүн сууга аралаштырып, айына бир ирет суугарып турам. Бул гүлдөргө жакшы азык болот», - дейт ал.
Нуриса Көкүмбаеванын айтымында, бөлмө гүлдөрү үйдүн ичиндеги абаны да жакшыртат: чаңды өзүнө тартып, нымдуулукту сактоого жардам берет. Ал гүлдөрдү өз балдарындай көрөрүн жашырбайт.
«Кээде жанына барып, "эмне болдуң?" деп сүйлөшүп да калам. Бир жактан келсем, жалбырактары чаң басып, суусап калат. Ошондо аларды тазалап, жуунтуп, сугарып карайм. Кышкысын бөлмө муздак болуп, суу көп куюлуп кетсе, жалбырактары бүрүшүп калат. Аны "өпкөңө суук тийип калыптыр" деп коём», - дейт ал күлүп.
Ал гүлдөрдү көбөйтүүдө өзүнүн ыкмасын колдонот: сабагынан алып, дароо эле топуракка отургузуп, акырын карап өстүрөт. Сууга салып тамыр чыгаруу ыкмасын колдонбойт.
Каарманыбыз 15 жылдан бери гүл ачпаган молачайды өстүрүп келет. Кичинекей көчөтчөсүнөн өстүрүп, учурда 2 метр 10 сантиметрге чейин узарып, бөлмөсүнө кооздук берип турат.
Нуриса Көкүмбаева 1 кыз, 2 уулдун энеси. Анын 8 небереси жана 1 чөбөрөсү бар.