Turmush — Бакай-Ата районундагы «Манас» жатак-мектебинин география мугалими Арслан Жекшенбеков 8-класстын окуучулары менен биргеликте март айында тоого саякат сабак уюштуруп, практикалык изилдөө иштерин жүргүзүштү.
Маалым болгондой, алар Эчкили-Тоодо изилдөө жүргүзүшкөн.
«Сабактын жүрүшүндө окуучулар 3 топко бөлүнүп, ар түрдүү тапшырмаларды аткарышты. Изилдөө иштеринин натыйжасында окуучулар тоо арасынан бир нече кызыктуу тарыхый буюмдарды табышкан. Алардын ичинен өзгөчө баалуу табылга — кытайлардын тыйыны болду.
Кийин табылган тыйын изилденип, анын Кытайдагы Цин династиясынын мезгилине таандык экени аныкталды. Тактап айтканда, бул «Канси Тунбао» (康熙通宝) деп аталган тыйын болуп, ал Канси доорунда 1662-1722-жылдары жүгүртүүгө чыгарылган.
Адистердин маалыматына караганда, бул тыйындын диаметри 2,5-2,7 см, салмагы 3,8-5,5 граммды түзөт. Негизинен жез-калай эритмесинен жасалган. Тыйындын алдыңкы бетинде вертикалдуу жайгашкан «Канси Тунбао» деген жазуу бар. Ал эми арткы бетиндеги белгилер манчжур жана кытай жазууларынан туруп, тыйындын кайсы зээрканада жасалганын көрсөтүп турат. Борбордук тешиктин сол жагында манчжур тамгасы, оң жагында кытай иероглифтери жайгашкан.
Тарыхый маалыматтарга караганда, Канси падышачылыгынын алгачкы жылдарында тыйын чыгарган 24 жай иштеп, ар кандай номиналдагы тыйындарды чыгарган. Тыйындардын салмагы да бир нече ирет өзгөртүлүп, чоң, орто жана майда көлөмдөгү түрлөрү жүгүртүүгө киргизилген.
Табылган тарыхый буюмдар ошол аймактагы тарых изилдөөчү аксакалга өткөрүлүп берилген. Бул окуя окуучулардын тарыхка болгон кызыгуусун арттырып гана тим болбостон, практикалык сабактардын маанисин дагы бир жолу далилдеди. Мындай иш-чаралар жаштарды илимге багыттап, тарыхый мурастарды баалоого үйрөтөт», - деди мугалим Арслан Жекшенбеков.