Turmush — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сары-Өзөн айыл аймагынын тургуну Диана Казымбекова Казакстанда өткөн таэквондо боюнча эл аралык мелдеште 2-орунду алды. Жаш спортчу менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.
Диана Казымбекова 2010-жылдын 6-майында төрөлгөн.
«Атам Эмилбек Казымбеков учурда чет өлкөдө эмгектенсе, апам Венера Жакыпова Сокулуктагы архитектура бөлүмүндө иштейт. Өзүм Бишкек шаарында төрөлүп, 3 жашымда Сокулукка келгенбиз. Ошондон бери Сары-Өзөн айыл аймагына караштуу Сокулук айылында жашап келебиз. Менин улуу эжем бар, анын аты Аделина Казымбекова. Ал мен окуган мектепте 11-класста окуйт. Ошондой эле иним бар, анын аты Урмат, ал 1-класста окуйт. Өзүм Сокулуктагы №1 мектепте 9-класста окуп жатам. Кызыл аттестат менен бүтүрүүнү көздөп жатам», - деди ал.
Диананын айтымында, таэквондо менен 8 жылдан бери машыгат.
«Бул спортко 1-класстын аягында, 8 жашымда келе баштагам. Башында бул спортко атам чакырган, кийин өзүм кызыгып, абдан жагып калды. Азия чемпионатынын чемпиону, дүйнө кубогунун чемпиону, Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону жана башка эл аралык мелдештердин жеңүүчүсүмүн. Акыркы мелдеште 2-орунду ээледим. Бул Казакстандын Шымкент шаарында өткөн эл аралык турнир болгон. Ал жерде Өзбекстандан келген спортчу жана эки казак спортчусу менен күч сынаштым.
Келечектеги максаттарым — дүйнө чемпиону жана Олимпиада чемпиону болуу. Бош убактымда сүрөт тартканды жана кээде чуркаганды жакшы көрөм», - деди ал.