Turmush — 12-апрель Өзгөн районунда 29 жаштагы келин асынып каза болду. Бул маалыматты өздүк булактар кабарлады.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, 12-апрель күнү саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун 29 жаштагы А. кызы А., аттуу тургуну үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келгенин билдирди.
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А. кызы А. аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалган», - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.