Turmush — Ош шаарында 6-кабаттан боюн таштаган студент кыздын абалы туруктуу. Бул тууралуу Turmush басылмасына Ош шаардык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кыздын буту сынып кеткен. Учурда абалы туруктуу. Жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулат.
Буга чейин Ош шаарында студент кыз көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан боюн таштагы маалымдалган.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө кабар келген. Анда 2026-жылдын 14-апрель күнү саат 19:20 чамаларында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан №38 көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан 2009-жылы туулган кыз түшүп кеткендиги тууралуу кабарланган.
Аталган маалымат Ак-Буура милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы тергөө иштеринин маалыматына ылайык, 6-кабаттан кулаган кыз 2009-жылы туулган Ош шаарындагы окуу жайларынын биринде 2-курсунда окугандыгы, аталган даректе бирге окуган курбулары менен жашагандыгы аныкталган. Ата-энеси Россия Федерациясында эмгек миграциясында жүрүшөт. Жабыркаган кыздын мындай кадамга баруусунун себептери тууралуу алгачкы көрсөтмөлөр алынды, так себептерин толук аныктоо боюнча иликтөө уланууда.
«Окуя боюнча бирге жашагандар суракка алынган. Алар өз көрсөтмөлөрүндө жабыркаган кыз ошол күнү окуя алдында ашкана бөлмөсүнө чыгып, балкондогу терезе жактан секирүүгө аракет жасаган учурда кармап калышкандыгын, бирок бир аздан соң чогуу жашаган курбулары башка нерсе менен алаксып калган учурда ал кыз терезеден секирип жибергенин билдирген. Көп кабаттуу үйдөн кулап, адегенде үйгө жанаша өскөн даракка тийип, андан соң жерге түшкөн.
Азыркы учурда бул факты боюнча кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Учурда жабыркаган 2009-жылы туулган кыз Ош шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган. Окуядан соң эсинен танып, ооруканада өзүнө келген.