Turmush — 15-апрелде Кара-Көл шаарында жол кырсыгынан жабыркаган кыздын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Б.Рысбеков атындагы Жалпы дарыгерлер практикалоо борборунан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 15-апрелде Бишкек–Ош унаа жолунун 384-чакырымында жол кырсыгы катталган. Анда Өзбекстандын жараны Ош багытында унаа башкарып баратып, жолдун сол тарабынан Кара-Көл шаарынын 2019-жылы туулган тургунун сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жаш кыз оор жаракат алып, Кара-Көл шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Дарыгерлер тарабынан ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп, тыкыр көзөмөлгө алынган. Учурда абалы жакшырууда.
Буга чейин кыз жакындарын тааныбай, сүйлөй албай жаткан болсо, учурда абалы оңолуп, атасын таанып, берилген суроолорго туура жооп берип жатат. Атасы Россиядан келген.
Дарыгерлердин айтымында, бейтапты жакынкы 2 күндүн ичинде Манас шаарына кошумча текшерүүдөн өткөрүү жана дарылоону улантуу үчүн жөнөтүү пландалууда.