Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда Апрель революциясында курман болгондор эскерилди.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме жетекчилер, Апрель революциясынын катышуучулары катышты. Кочкор айылындагы «Сейил» паркында апрель баатырларына арналган эстеликке гүл чамбар коюлуп, Куран окулду. Айыл өкмөттөр тарабынан Апрель революциясынын катышуучуларына акчалай сыйлыктары тапшырылды.
2010-жылдагы Апрель революциясында Кочкор районунан Зайирбек Сапитов, Төлөбек Эликбаев, Жолдошбек Кудайбергенов, Баястанбек Дөөталиев, Мисирбек Кубатбек уулу курман болугон. Аларга арналып «Сейил» паркында эстелик тургузулган. Ошондой эле октон жабыркаган Алыбек Абдылдаев, Рысбек Шадыканов, Отор Абдырахманов көз жумган.