Turmush — Чүй облусунун аймагында «Жарнама такта» аталышындагы рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу ОИИБдин жол сакчылары билдирди.
Маалыматка караганда, рейддин максаты – облус аймагында унаа жол жээгиндеги уруксатсыз коюлган жана илинген жарнама-көрнөктөрдү аныктоо менен жол коопсуздугун камсыздоо.
«Жол коопсуздугун камсыздоо биздин негизги милдетибиз. Облус аймагындагы унаа жол жээгине айрым жарандар өз билемдик менен уруксатсыз жарнамалык такталарды, көйнөктөрдү, плакаттарды коюп же илип алышкан. Аларга Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 179/1-беренеси (тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээгиндеги тилкелерде, соода түйүндөрүн, тамактануу пункттарын, сервистерди куруу жана уюштуруу же жарнама такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү орнотуу) менен 3000 миң сом айып пул салынууда», - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Москва райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, Бишкек–Кара-Балта унаа жол боюнда гана эмес, ички жолдордо да уруксатсыз жарнамалар коюлган.
«Рейд алкагында 3 күндө 3 жаранга протокол түзүлүп, ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынды. Ошону менен бирге жергиликтүүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», - деди райондук жол тескөөчүлөр.