Turmush — Баткен шаарындагы Самат Садыков көчөсүндө тротуардын жоктугу жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Маалыматка караганда, аталган көчөдө май куйуучу жай болгондуктан унаалар тынымыз каттап турат. Бул мектеп окуучулары үчүн кооптуу.
«Баткен шаарынын Самат Садыков көчөсүнүн ушул жери өтө кооптуу. Күнүнө балдарым өтөт ушул жерден тротуар каралган эмес. Май куюучу бекетке кирип чыккан унаа тынымсыз жүрүп турат. Жол болсо чоң унаа каттамы көп. Тротуар каралса жакшы болмок», - деди Баткен шаарынын тургуну Сапарбай Сатыбалдыев
Мэриянын маалыматына караганда, аталган жолдун бир тарабына 2024-жылы 2 чакырым аралыкка 12 млн сомго тротуар курулган. Алдыда Самат Садыков көчөсү кеңейтилип, 4 тилкелүү жол болот. Ага кошо тротуар салынат.
Учурда Баткен шаарынан Бужум айылына чейин жолдун бир тарабындагы кирип кеткен имараттарды бузуу иштери уланып жатат. Акча бөлүнсө жол куруу иши башталмакчы.