Turmush — Ош облусунун Өзгөн районунда жаш кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Turmush басылмасына тастыктаган маалыматка караганда, 2026-жылдын 14-апрель күнү саат 19:15 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну — Т.А. аттуу жаран үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факт маалыматтык электрондук журналга катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Т.А. аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалды.
«Топтолгон материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусунун негизинде мыйзамдуу чечим кабыл алынат. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда. Бул иши Ош ОИИБдин башчысынын көзөмөлүндө турат», - деп айтылат маалыматта.
--------------------------------------------------------
Turmush 2026-жылдын 12-апрелинде Өзгөн районунда 29 жаштагы келин асынып каза болгонун жазган.
Бул маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, 12-апрель күнү саат 19:00 чамасында Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун 29 жаштагы А. кызы А., аттуу тургуну үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу кабар келгенин билдирген.
«Алгачкы текшерүүнүн жүрүшүндө Өзгөн районунун 1997-жылы туулган А. кызы А. аттуу жаран өзү жашаган үйүндө асынып каза болгондугу маалым болгон. Окуя боюнча күбөлөр суралып, жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлгөн. Маркумдун өлүмүнүн так себебин аныктоо максатында соттук-медициналык дайындалган», - деп айтылган маалыматта.
Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери уланууда.